Түркия кээ бир өлкөлөргө виза жеңилдигин берди

Түркия Ливия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга виза жеңилдигин берүүдө.

1085676
Түркия кээ бир өлкөлөргө виза жеңилдигин берди

Түркия Ливия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга виза жеңилдигин берүүдө. Ливия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан жарандарынын Түркиядагы виза режими тууралуу президенттин чечимдери Расмий гезитте жарыяланды.

Президент Р. Т. Эрдоган кол койгон, Расмий  гезитте орун алган 326 номердүү чечим менен Ливия мамлекетинин 12 жаштан кичүү жана 65 жаштан улуу паспорт ээси жарандарынын Түркияга жасай турган ар бир 180 күндүн ичинде 90 күндүк жашоо мөөнөтү берилген туристтик саякаттарында визадан бошотту.

Расмий гезитеги 327 номердүү президенттин чечими менен Казакстандын расмий жана жеке кишиге таандык паспортко ээ жарандары менен Өзбекстан жана Тажикстандын жарандарынын Түркияга жасай турган саякаттарында ар бир 180 күндүн ичинде 90 күндү ашпоо шарты менен 30 күн болгон визасыз калуу мөөнөтү 90 күнгө чыгарылды.

 

 

 



Тектеш кабарлар