Түрк Кызылайы Йеменде жардам таркатты

Түрк Кызылайынын Аден жооптуусу  Мухаммед Синжар жардамдардын бир айга созуларын айтты.

1085686
Түрк Кызылайы Йеменде жардам таркатты

Түрк Кызылайы Йемендин түштүгүндөгү Аден шаарында согуштан жапа чеккендерге карата баштаган бир айлык жардамдын негизинде азык  - түлүк жардамын таркатты.

Адендин батышында Еш  -  Шебаб районундагы Ел -  Мехрам лагеринде Түрк Кызылайы жана Йемен Жогорку Жардам Комитетинин жетекчилери жардамдарды таркатуу иштерине катышты.

Түрк Кызылайынын Аден жооптуусу  Мухаммед Синжар Йемен Жогорку Жардам Комитети менен координациялуу түрдө Таиз жана Худейдедеги кагылышуулардан качып Аденге баш калкалаган жарандарга азык  - түлүк  жардамдарын таркатышкандарын айтты.

Бир айга созула турган жардамдардын Адендеги үй  - бүлөлөрдү да камтый тургандыгын билдирген Синжар Ед – Мехрам лагерине 150 куту таркатылгандыгын билдирди.

Синжар  түрк өкмөтүнүн бул жардамдар менен Йемендеги согуштан жапа чеккендерге жардам берүүгө жана кыйынчылыктарын жеңилдетүүгө аракет кылгандыгын айтты.

Йемен Жогорку Жардам Комитетинин башкы координатору доктор Жемал Белфегых да Түрк Кызылайынын өкүлү болгон Түркия өкмөтүнүн аракеттери жана Йемен калкынын берген жардамдарынан мактоо менен сөз кылды.



Тектеш кабарлар