Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирак операциясы

Операцияда 14 террорист жок кылынды.

1085563
Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирак операциясы

Ирактын түндүгүндөгү Авашин аймагына карата жүргүзүлгөн аба операциясында жикчил террордук уюм ПККнын 14 террорист жок кылынды.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда кечээ Ирактын түндүгүндөгү Авашин аймагына аба операциясы жүргүзүлдү.

Операцияда жикчил террордук уюмга таандык куралдуу буктурма, баш калкалоочу жер жана ок  - дары сактоочу жерлер жардырылып, базаларга карата кол салуу үчүн даярданган 14 куралдуу террорист жок кылынды.



Тектеш кабарлар