Тышкы иштер министринин Брунейдеги жолугушуулары

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Брунейде түрдүү жолугушууларды өткөрдү.

1083571
Тышкы иштер министринин Брунейдеги жолугушуулары

 Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу расмий сапарынын негизинде барган Брунейде түрдүү жолугушууларды өткөрдү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматтарга караганда министр Чавушоглу Брунейдин тышкы иштер министрлигинин экинчи министри Дато  Эриван Юсоф менен жолугушту.

Чавушоглу андан кийин Бруней султаны Ажы Хассан Хасан аль-Болкиа тарабынан Истана Нурул Иман сарайында кабыл алынды. Жолугушууларда жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын өткөрүлүшү, инвестициялардын арттырылышы, соода жана экономикалык карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшү каралды.

Сапар Түркиядан Брунейге тышкы иштер министрлик деңгээлинде жасалган биринчи сапар болду. Министр Чавушоглу Брунейден кийин расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Лаоско барды. Тышкы иштер министри бул жерде Вьентьян элчилигинин расмий ачылышын аткарат жана эки жактуу жолугушууларды өткөрөт.

 



Тектеш кабарлар