Эрдоган менен Трамптын сүйлөшүүсү...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Украинанын мамлекет башчысы Петро Порошенко менен Стамбулда өткөргөн маалымат жыйынында Түркия-АКШ карым-катнаштарына карай суроолорго жооп берди.

1081087
Эрдоган менен Трамптын сүйлөшүүсү...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын максатынын Сириянын Манбиж аймагынан жикчил террордук уюмдар ПЙД/ЙПГнын тез арада чыгарылышы экенин айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Украинанын мамлекет башчысы Петро Порошенко менен Стамбулда өткөргөн маалымат жыйынында Түркия-АКШ карым-катнаштарына карай суроолорго жооп берди.

Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүнүн маанилүү деталдарын бөлүштү.

Түркия-АКШ ортосундагы макулдашууга караганда террор элементтеринин Манбижден 90 күндүн ичинде чыгартылышы керектигин, бирок бул мөөнөттүн толгонун Трампка айтканын түшүндүргөн Эрдоган: «Түрк жана АКШнын тышкы иштер министрлеринин жол картасы бар болчу, буга баш ийишкен жок. Бул жол картасынын ишке ашырыла баштоосунун убагы дедик жана бул процесс башталды, уланууда»,-деп айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Трамп менен сүйлөшүүсүнүн берки маанилүү темасынын болсо финансы маселесине байланыштуу кадамдар болгонун билдирди.

 Президент  Эрдоган, Трамптын финансы темалары жана Манбиж маселелери тууралуу министрлерине буйрук бергенин айтканын баяндады.

Эрдоган, жолугушууда эки министрге байланыштуу санкциялар темасынын каралганын белгиледи жана белгиленген күн жана саатта бир убакта санкциялардын жоюлганын белгиледи.

 Эрдоган, АКШнын президенти Трамп менен эмдиги жолугушуусунун Франциянын борбор шаары Парижде боло турганын айтты.

Эрдоган: «Билесиздер Парижде эл аралык жыйналыш өтөт. Бул жыйналышта урматтуу Трамп менен дагы башка темалар менен кошо бетме-бет жолугушуу мүмкүнчүлүгүбүз болот. Орусиянын президенти урматтуу Владимир Путин менен да ошондой эле жолугушуу болот. Мындайча айтканда дүйнөлүк лидерлердин бир тобу менен ал жерде ушундай түрдөгү маселелерди сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүбүз болот»,-деп айтты.


Этикеткалар: #Эрдоган , #Манбиж , #Трамп

Тектеш кабарлар