Улуттук коргоо министри Грецияны эскертти

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Грецияны дагы бир жолу эскертти.

1079705
Улуттук коргоо министри Грецияны эскертти

 

Хулуси Акар Түркия Улуттук Парламентинин план жана бюджет комиссиясында  министрлигинин бюджетин билдирүү жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Кипр, Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде «Түркияга карабастан» таштала турган эч бир кадамга уруксат берилбей тургандыгын айтты.

Акар : «Греция Эгей жана Жер Ортолук деңизинде Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Респуликасы орун албаган бир проектин ийгиликтүү болбой тургандыгын билиши керек жана аймакты коркунучка сала турган провакациялардан баш тартышы керек»,- деди. Акар түрк куралдуу күчтөрүнүн Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын кызыкчылыктарын коргоого, Кипр аралында эл аралык кепилдик жана союздаштык келишимдеринин негизинде тынчтык жана коопсуздуктун түзүлүшүнө кепил болууну улантарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар