Президент Эрдоган операция жүргүзүү белгисин берди

Президент Р. Т. Эрдоган Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышына операция жүргүзүү белгисин берди.

1078389
Президент Эрдоган операция жүргүзүү белгисин берди

 Президент Р. Т. Эрдоган Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышына операция жүргүзүү белгисин берди.

Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Р. Т. Эрдоган партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү. Сөзүндө : «Сирия маселесин чечпестен келечегибизге  ишенимдүү карай албайбыз»,- деген Эрдоган бул өлкөдөн багытталган террордук кол салуулар жана башка коркутууларга карата эмне керек болсо аткарыларын айтты.

Сирия кризисинин ушунчалык даражада трагедиялуу абалга айланышында эл аралык коомчулуктун маселеге жетеринче көңүл бурбашынын чоң роль ойногондугун баса белгилеген Эрдоган : «ДЕАШтын белгилүү топтор тарабынан кайрадан  машыктырылган жана аймакка жайылган кишилеринин жардамы менен жандарылууга аракет кылынгандыгын билебиз. Аймактагы максатына жетүү үчүн бөлүүчүлүк кылбастан  бардык террордук уюмдарды рычаг катары колдонгондор эми бул булганычтуу оюнду кайрадан сахнага чыгарууга аракет кылууда. Аймак калкынын жана дүйнөлүк коомчулуктун бул ДЕАШ оюнуна алданбай тургандыгына ишенебиз»,- деди.

Эрдоган бир тараптан Сирия режимин көкүтүү менен бир тараптан ДЕАШты жандандыруу менен Сирияны кайрадан канга булоону каалагандарга эч качан уруксат беришпей тургандарын айтты.

Евфрат дарыясынын чыгышындагы террордук уюмду да жок кылышарын айткан Эрдоган : «Бул тууралуу даярдыктарыбызды, пландарыбызды, программаларыбызды аяктадык. Ал түгүл өткөн күндөрдө террордук уюмга карата кыймылыбызды да баштадык. Жакында дагы кенен жана таасирдүү операциялар менен террордук уюмду жок кылабыз. Бир түнү күтүлбөгөн жерден келишибиз мүмкүн»,- деди.



Тектеш кабарлар