Малайзиянын вице - премьер - министри Эрдоганды куттуктады
Малайзиянын вице - премьер - министри Ван Азиза Ван Исмаил Р. Т. Эрдоганга : «Алла өлкөңүзгө тынчтык берсин»,- деди.
1078394
Малайзиянын вице - премьер - министри Ван Азиза Ван Исмаил Түркия республикасынын курулушунун 95 жылдыгын белгилеген социалдык медиа бөлүшүүсүндө президент Р. Т. Эрдоганга : «Алла өлкөңүзгө тынчтык берсин»,- деди.
Малайзиянын борбор шаары Куала Лумпурда кечээ өткөрүлгөн 29 - Октябрь Респулика майрамына катышкан Ван Азиза майрам тууралуу социалдык медиадан бөлүштү.
Ван Азиза аземди өткөргөн Түркиянын Куала Лумпур элчиси Мерве Сафа Кавакчы менен түшкөн фотографиялары орун алган бөлүшүүдө : «Түркия республикасы жарыяланган күндө түрк досторубузду куттуктайбыз»,- деди.