ТКК, террордук уюм ЙПГ/ПККга таандык жайларды бомбалоодо

Түрк куралдуу күчтөрүнө (ТКК) таандык пушкалар террор уюму ЙПГ/ПККнын буталарын бомбалады.

1077276
ТКК, террордук уюм ЙПГ/ПККга таандык жайларды бомбалоодо

Түрк куралдуу күчтөрүнө (ТКК) таандык пушкалар террор уюму ЙПГ/ПККнын буталарын бомбалады.

Сириянын түндүгүндө Халебге караштуу Айн эл-Араб районунун батыш жагында орун алган Зор Магар аймагындагы террордук уюму ЙПГ/ПККга тиешелүү буталар ТКК тарабынан бомбаланды.

Евфрат дарыясынын чыгыш жээгинде орун алган жана Түркия чек арасын көрүп турган бийиктиктеги Зор Магар аймагындагы террор уюмунун кыймылдарына бөгөт коюу максатында замбирек менен атылды.

Жергиликтүү маалымат булактарынын бергендерине караганда, Зор Магар дөбөсүндө террордук уюм тарабынан курулган буктурма жана курал-жарак жайгаштырылган жерлерди ТКК бомбалады.

Бул учурда ТККга таандык пушкалардын террордук уюм ЙПГ/ПККга тиешелүү буталарды бомбалоосу мыйзамдуу коргонуунун алкагында ишке ашырылып жатканы маалым болду.

Алынган маалыматка караганда бомбалоонун каршы тарапта белгиленген террористтик жайлар жана ок атууларга жооп кайтаруу иретинде мыйзамдуу коргонуунун алкагында ишке ашырылганы белгилүү болду.



Тектеш кабарлар