Сирия тема болгон төрттүк саммит башталды

Саммит Стамбул шаарындабашталды.

1076868
Сирия тема болгон төрттүк саммит башталды

Сирия маселеси каралган төрттүк саммит Германия, Франция жана Орусиянын катышуусу менен Түркиянын Стамбул шаарында  башталды.

Вахдеттин сарайындагы төрттүк саммитке Президент Р. Т. Эрдоган жетекчилик кылууда.

Төрттүк саммитке Президент Эрдоган, Орусиянын президенти В. Путин, Франциянын президенти Еммануэль Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркель катышууда.

Саммитке Түркиядан тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, казына жана каржы министри Берат Албайрак, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Орусиядан ; тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Сергей Шойгу, Германия менен Франциядан атайын кеңешчи жана өкүлдөр катышууда.  

Саммитти иликтөө үчүн орус, немис, француз жана жергиликтүү журналисттер да Вахдеттин сарайына барышты.

Самитте негизги күн тартип беренеси Түркия менен  Орусиянын 17 -  сентябрдагы демилгеси менен Идлибдеги ок атышпоо келишиминин бекемделиши жана Сирия кризисине саясий чечүүчү жол табуу үчүн орток аракеттер болот.

БУУнун атайын өкүлүСтаффан де Мистура жана Астана платформасынын Женевада түзгөн «кичинекей группадан» өкүлдөр да бул саммитте жолугушат.

Саммиттин акырында төрт өлкөнүн орток билдирүүнү кабыл алышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар