Президент Эрдогандан Кашыкчы кылмышы тууралуу билдирүү

Президент Р. Т. Эрдоган саудиялык жетекчилердин Жемал Кашыкчыны өлтүрүү жолдомосун берген кишинин ким экендигин билдирүүсү керектигин айтты.

1076370
Президент Эрдогандан Кашыкчы кылмышы тууралуу билдирүү

Президент Р. Т. Эрдоган саудиялык жетекчилердин Жемал Кашыкчыны өлтүрүү жолдомосун берген кишинин ким экендигин билдирүүсү керектигин айтты.

Президент жана Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Эрдоган партиясынын штабында Кеңейтилген облустук башкаруучулар жыйынында сөз сүйлөдү. Эрдоган сөзүндө Сауд Арабиянын Стамбул консулдугунда иштелген Жемил Кашыкчы кылмышына токтолду.

Эрдоган : «Сауд Арабия жараны, журналист Жемал Кашыкчы түрк жараны болгон бир айым менен үй  - бүлө куруу иши үчүн барган өлкөсүнүн Стамбул консулдугунан чыкпады. Изилдөөлөр бизди Кашыкчынын консулдукта өлтүрүлдү деген жыйынтыкка алып барды»,- деди.

Саудиялык жетекчилерден берилген «Кашыкчынын консулдуктан чыккандыгы» тууралуу маалыматтардын балача экендигин баса белгилеген Эрдоган : «Бул маалыматтар бизди башка тынчсызданууга алып барды»,- деди.

Саудиялык жетекчилердин 18 кишини камоого алынгандыгы тууралуу маалымат бергендигин айткан Эрдоган : «Бул 18 киши Кашыкчынын кимдер тарабынан өлтүрүлгөндүгүн билет, мунун башка түшүндүрмөсү жок. Аткаруучу булардын ичинде. Жергиликтүү кызматташуучу ким, буларды билдиришиңер керек. Булар билдирилмейинче Сауд Арабия бул кылмыштан кутула албайт. Негизинен аткаруучу белгилүү. Бул жолдомону берген ким? Бул 15 +3 кишинин Түркияга келүү жолдомосун ким берди? Бул кишилер кимдердин жолдомосу менен келди? Муну жетекчилер билдириши керек. Жекшемби күнү Сауд Арабиянын башкы прокурорун Түркияга жиберишет. Стамбулда башкы прокурорубуз менен жолугушат, сүйлөшүүлөр өткөрүлөт»,- деди.

Колдорунда башка маалымат, документ болгондо жана убагы келгенде буларды билдиришерине басым жасаган Эрдоган : «Шашылуунун да кереги жок. Биринчи этапта Кашыкчыны өлтүргөндөрдү саудиялык жетекчилер билдиришет. Бул 18 кишинин ичинде эмне болгон болсо. Сүйлөтө алышпаса, окуя Стамбулда болду. Анда бизге тапшыргыла, биз соттойлу»,- деди.

«Washington Post» гезитинин жазуучусу Жемал Кашыкчы 2 -  октябрда расмий иштер үчүн Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна баргандан кийин кайра чыккан эмес.

Сауд Арабия башкаруусу 20 -  октябрда Кашыкчынын «консулдук имаратында болгон чыр  - чатакта каза болгондугун» билдирген.

Президент Р. Т. Эрдоган да колдогу далилдердин Кашыкчынын пландуу түрдө киши колдуу болгондугун билдирген.



Тектеш кабарлар