Эрдоган Сауд Арабия бийлигине чакырык таштады

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуттук Улуу Жыйындагы (ТУУЖ) фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

1074272
Эрдоган Сауд Арабия бийлигине чакырык таштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Cауд Арабия бийлигине чакырык салып, «Жемал Кашыкчы (Хошагги) кылмышынын шектүүлөрүн Стамбулда жоопко тарталы»,-деди.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуттук Улуу Жыйындагы (ТУУЖ) фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

Эрдоган, сөзүндө Сауд Арабиянын Башкы консулдугунда өлтүрүлгөнү аныкталган саудиялык журналист Жемал Кашыкчы кылмышы тууралуу кеңири маалымат берди.

Окуя иликтенгенде кылмыштын пландуу түрдө кылынганы түшүнүктүү болгонун белгилеген Эрдоган, Жемал Кашыкчынын Башкы консулдукка бараардан мурда Сауд Арабиядан генералдар, юстициялык медицинанын адистери жана чалгынчылардан турган 15 кишилик топтун бул жерге келгенин, кылмыштын кылынганын, андан соң далилдер жок кылынууга аракет кылынганына басым жасады.

Эрдоган, Сауд Арабия өкмөтү алгач Кашыкчынын өлтүрүлгөнү жөнүндө айтымдарды четке какканын, бирок ортого чыккан далилдер менен кылмышты моюнга алууга аргасыз болгонун айтты.

Президент Эрдоган: «Далилдер, Кашыкчынын мыкаачылык кылмыштын курманы болгонун көрсөтүүдө. Кеңири маалымат болбой жашыруун калышы, адамзаттын абийирин жаралайт. Сауд Арабия бийлиги кылмышты моюнга алып маанилүү кадам таштады»,-деди.

Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдүлазиздин, телефондогу сүйлөшүүлөрүндө өзүнө окуяга аралашканы белгиленген 18 кишинин кармалганын айтканын билдирген Эрдоган: «Бул жерден чакырык салуудамын. Чакырыгым Корол жана жогорку жетекчилерине. Окуя болгон Стамбул. Кармалган 18 кишинин Стамбулда жоопко тартылышын сунуш кыламын»,-деди.

Ушундай орчундуу териштирүүнүн, кылмыш менен эң кичине байланышы болбогон, тарапсыз жана адилеттүү комиссия тарабынан жүргүзүлүшүнүн маанисине токтолгон Эрдоган: «Бул саясий кылмыш болгонуна караганда, бар болсо башка өлкөлөрдөгү кылмыш өнөктөштөрүнүн да териштирүүгө кошулушу керек»,-деди.

Кылмыш тууралуу суроолорго да токтолгон Эрдоган: «Бул 15 киши кылмыш күнү эмне үчүн Стамбулга чогулду. Бул кишилер кимден буйрук алып бул жакка келишти. Башкы консулдук эмне үчүн дароо эмес көп күн өткндөн кийин иликтөөгө алынды. Кылмыш ортодо турганда эмне үчүн ошончолук орунсуз маалыматтар берилди. Сөөк эмне үчүн дагы деле ортодо жок. Сөөктүн жергиликтүү кошоматчыга берилгени жөнүндө айтымдар туура болсо, бул кошоматчы ким?

Эч ким бул маселелерге жооп табылбастан окуянын жабыла турганын ойлобосун. Коопсуздук бөлүктөрүбүздүн колундагы маалыматтар, кылмыштын пландуу экенине ишаарат берип турат. Ушундай маселени бир канча коопсуздук жана чалгындоо кызматкерине жүктөп коюу коомдук пикирди канагаттандырбайт. Адамзаттын абийири, бир гана буйрукту бергенден ишке ашырганга чейин ар кимдин жооп берген учурунда канагаттанат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар