Сауд Арабия журналист Кашыкчынын каза болгонун жарыялады

Сауд Арабия жоголгон журналист Жемал Кашыкчынын каза болгонун жарыялады.

1072377
Сауд Арабия журналист Кашыкчынын каза болгонун жарыялады

Сауд Арабиянын башкаруучулары 2-октябрда Стамбулдагы Башкы консулдукка киргенден кийин дайыны чыкпай калган журналист Жемал Кашыкчынын консулдуктагы  араздашуулардын себебинен өлгөндүгүн жарыялады. Бул тууралуу Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттиги SPA маалымат берди.                                Сауд Арабиянын башкы прокурорлугу бул окуя тууралуу териштирүүсүн улантып жатканын жана окуяга байланыштуу 18 Сауд Арабиянын  атуулу кармалганын маалымдады. Ошондой эле бул окуяга байланышы болгон бардык шектүүлөр кармалып,суракка алынып жоопко тартыла турганын жана мунун жыйынтыгы жарыялана турганын билдирди.                         Бир тараптан Сауд Арабия, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде жүргүзүлгөн териштирүү иштерине өзгөчө маани бергендерин билдирди.                    Айрыкча Сауд Арабия Королдугунун токтому менен Сауд Арабиянын чалгындоо кызматынын төрагасы баш болгон 5 кишинин дагы кызматтан алынганын маалымдады.


Этикеткалар: #Жемал Кашыкчы

Тектеш кабарлар