Кашыкчы темасында Сауд Арабия биз менен кызматташуусу керек

Англиянын борбор шаары Лондондо маалымат берген Чавушоглу, 2-октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы Башкы консулдугуна баргандан кийин дайыны чыкпай калган Кашыкчы окуясы тууралуу Түркиянын дагы териштирүү баштаганын белгилеп өттү.

1068313
Кашыкчы темасында Сауд Арабия биз менен  кызматташуусу керек

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Сауд журналист Жемал Кашыкчы окуясы тууралуу башкы прокуратуранын жана адистердин Сауд Арабиянын Башкы консулдугуна кирүүсү темасында Сауд Арабиянын кызматташтык кылышы керектигин белгиледи.

Англиянын борбор шаары Лондондо маалымат берген Чавушоглу, 2-октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы Башкы консулдугуна баргандан кийин дайыны чыкпай калган Кашыкчы окуясы тууралуу Түркиянын дагы териштирүү баштаганын белгилеп өттү.

Чавушоглу: «Бул териштирүү барган сайын тереңдейт. Сауд Арабиянын сунушу менен биргелешкен жумушчу топ түзүлүшү темасында бирдей көз караш бар. Бирок бул биргелешкен жумушчу топ биздин бул тема тууралуу жасаган жана жасай турган териштирүүлөрдүн токтогону түшүнүгүн бербейт. Бул териштирүү уланат. Бул теманын ачыкка чыгарылышы керек»,деген серебин салды.

Кашыкчынын Сауд Арабиянын атуулу экенин белгилеген Чавушоглу: «Буга баа берилиши темасында кызматташтык кылынышы мүмкүн. Бирок берки тараптан өзгөчө башкы прокуратура жана адистеринин Сауд Арабиянын Башкы консулдугуна кириши темасында Сауд Арабиянын кызматташтык кылышы керек. Кайда жоголду? Башкы консулдукта. Ошондуктан бул териштирүүнүн туура жүргүзүлүшү үчүн жана бардык нерсенин ортого салынышы үчүн бул темада азырынча кызматташууну көрө алган жокпуз, муну да көргүбүз келет»,-деп айтты.

Чавушоглу, башкы прокурордун жана берки техникалык топтордун башкы консулдукка кириши керектигин баса белгилеп, «Сауд Арабиянын дагы бул темада биз менен кызматташуусу керек. Бул темада сүйлөшүүлөрүбүз уланып жатат. Министрлигибиз, Сауд Арабиянын жооптуу кызматкерлери менен башкы консулдуктун арасында көпүрө милдетин ишке ашырат, жолугушууларды улантуудабыз. Чалгындоо кызматыбыз, коопсуздук бөлүктөрүбүз дагы Стамбул башкы консулдугубуздун буйругу жана кылган иштеринин алкагында бул иштерди жүргүзүшүүдө»,-деди.

Чавушоглу, бүткүл дүйнө бул окуянын ачыкка чыгарылышын каалап жатканын айтты.



Тектеш кабарлар