Түрк аба жолдорунун Стамбул жаңы аэропортунун каттамдары

Түрк аба жолдорунун 29 -  октябрь күнү ачыла турган Стамбул жаңы аэропортунан  аткарыла турган биринчи каттамдар белгилүү болду.

1067193
Түрк аба жолдорунун Стамбул жаңы аэропортунун каттамдары

Түрк аба жолдорунун 29 -  октябрь күнү ачыла турган Стамбул жаңы аэропортунан  аткарыла турган биринчи каттамдар белгилүү болду.

Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчилигинен берилген маалыматка караганда  Стамбул жаңы аэропортунан учкан биринчи жүргүнчү учагы катары тарыхка өтө турган учак 31 – октябрда «ТК2124»  Стамбул   жаңы аэропорт  - Анкара Эсенбога аэропорту каттамын ишке ашырат.

Түркия убактысы менен саат 11:10до аткарыла турган учуунун 45 минутага созулушу күтүлүүдө.

31- октябрдагы биринчи каттамдан кийин 30 -  декабрга чейин Стамбул жаңы аэропортунан тышкы каттамдар да Азербайжан  - Баку жана Кипр - Эржан, ички каттамдарда Анкара, Анталья жана Измирге күн сайын каттамдардын болушу пландалууда.



Тектеш кабарлар