Түркиядан өлкөлөрүнө кайткан афганстандыктарга иш мүмкүнчүлүгү

Түрк Кызылайы Афганстанда «Ыктыярдуу кайтуудан кийин колдоо программасы» долбоорун баштады.

1065978
Түркиядан өлкөлөрүнө кайткан афганстандыктарга иш мүмкүнчүлүгү

Түрк Кызылайы Афганстанда «Ыктыярдуу кайтуудан кийин колдоо программасы» долбоорун баштады.

Түрк Кызылайынын колдоосу менен ички иштер министрлигинин миграция башкы директорулугу, Түркиянын Кабул элчилиги жана Афганстан мигранттар министрлигинин биргеликте ишке ашырган долбоордун саясында Түркиядан өз каалоосу менен өлкөсүнө кайткан афганстандыктарга иш мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Долбоордун негизинде өлкөсүнө кайткан эки Афганстан жаранына дүкөн жана жыгач устачылык ательеси тапшырылды. Ушул себептен борбор шаар Кабулда өткөрүлгөн аземге Түркиянын Кабул элчиси Огузхан Эртугрул, ички иштер министрлигинин миграция башкаруу боюнча башкы директорунун аткаруучу өкүлү  Аюдуллах Айаз,Түрк Кызылайынын башкы директору Ибрахим Алтан, башкы директордун орун басары Алпер Күчүк, Түркиянын Кабул элчилиги, ички иштер министрлигинин кеңешчиси Илкер Түркбайрак жана түрк Кызылайынын Афганстан делегациясынын төрагасы Мүжахит Салих Дуран катышты.

Элчи Эртугрул түрк Кызылайы сунуштаган мүмкүнчүлүктөрдү жакшы колдонгон афганстандыктардын үй  - бүлөсүнүн күнүмдүк турмушуна салым кошорун белгиледи.

Ички иштер министрлигинин миграция башкаруусунун башкы директорунун өкүлү Айаз Түркияга мыйзам тышы жолдор менен кирип андан кийин өлкөсүнө кайткан афгандарга түрк Кызылайы, ТИКА жана тийиштүү түрк мекемелеринин жардамынын улантыларын айтты.



Тектеш кабарлар