Качкындар Жер Ортолук деңизде, Эгейде кайыктары тешилип өлүм менен кармашууда

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия-Венгрия ишкердик форумуна катышты.

1066196
Качкындар Жер Ортолук деңизде, Эгейде кайыктары тешилип өлүм менен кармашууда

 Президент Режеп Таййип Эрдоган, Венгрия сапарынын акыркы күнүндө Түркия-Венгрия ишкердик форумуна катышты.

Эрдоган, бул жердеги сөз сүйлөөсүндө Батыштын качкындар боюнча саясаттарын сынга алды. Бул темада эл аралык коомчулуктун жоопкерчиликтерин орундатпаганын айтты. Качкындардын Жер Ортолук деңизде, Эгейде кайыктары тешилип өлүм менен кармашып жаткандарын түшүндүрдү. «Колубузда булардын видеолору бар»,-деди ал.

Батыштык өлкөлөрдүн маселени чечпей ошол бойдон калтырганына басым жасаган Эрдоган, Түркиянын жүз миңдеген адамдын өмүрүн сактап кала турган коопсуз аймактардын курулуусун сунуштоосун алар билип туруп балталагандарын айтты. «Чечилбей калган маселенин жүгүн алгач Сирия калкы андан соң Түркия сыяктуу коңшу өлкөлөр көтөргөнгө аргасыз болушту»,-деди.



Тектеш кабарлар