Акар Манбиж тууралуу маалымат берди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Түркиянын эскертүүлөрүнөн кийин АКШ менен биргелешкен күзөт иштери тууралуу билим берүүлөр башталганын айтты.

1065950
Акар Манбиж тууралуу маалымат берди

Манбиж календары кечигүү менен болсо дагы ишке ашып жатат. Түркиянын эскертүүлөрүнөн кийин АКШ менен биргелешкен күзөт иштери тууралуу билим берүүлөр башталды.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, бул тема тууралуу маалымдоосунда билим берүүлөрдүн аяктоосунан кийин аймакта ырааттуулук жана коопсуздукту камсыздоо, террористтик кыймылдарга бөгөт болуш үчүн биргелешкен күзөт иштери баштала турганын белгиледи. «Максатыбыз, террористтердин колундагы оор куралдардын чогултулушу, ПЙД/ЙПГ/ПККнын Манбижден чыгарылышы менен ырааттуулук жана коопсуздуктун камсыздалышы»,-деди.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Манбиждин айланасында террордук элементтер тарабынан казылган чуңкурлар темасында дагы АКШлык кесиптештеринин эскертилгенин айтты. Түркиянын дагы өз чараларын көрө турганын билдирди.


Этикеткалар: #Хулуси Акар , #Манбиж

Тектеш кабарлар