Альпинист Хасан Тарымдын сөөгү Альп тоолорунда табылды
26 жылдан кийин Хасан Тарымдын сөөгү альпинисттер тарабынан ээриген мөңгүлөрдүн астынан табылды
1063310
![Альпинист Хасан Тарымдын сөөгү Альп тоолорунда табылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2bc8/240d/f0f0/5bb75513a96e1.jpg?time=1718863762)
Хасан Тарым 1992 – жылы 21 жашында Францияда Альп тоолоруна чыгып баратып жоголгон. Ал күндөн бери мөңгүлөрдүн астында калган Тарымдын изине кездешилген жок.
26 жылдан кийин Хасан Тарымдын сөөгү альпинисттер тарабынан ээриген мөңгүлөрдүн астынан табылды жана ким экендиги кольесинен аныкталды. Тарымдын сөөгү туулган жери Кайсеринин Сарыз районуна караштуу Кыркысраклылар айылында жерге коюлат.