Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн операция
Операцияда он террорист жок кылынды.
1062185
![Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн операция](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1c35/0628/4dba/5ba1ea38ac3ba.jpg?time=1718833648)
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Авашин - Басян жана Зап аймактарында жүргүзүлгөн аба операциясында ПКК террордук уюмунун он террористи жок кылынды.
Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда Ирактын түндүгүндөгү Авашин - Басян жана Зап аймактарына бүгүн абадан операция жүргүзүлдү.
Операциялардын натыйжасында база аймактарына кол салуу үчүн даярданган террордук уюмдун он террористи жок кылынды.