АКШ Батмандгы террордук кол салууну айыптады

Террордук кол салууда 7 аскер шейит болду.

1062593
АКШ Батмандгы террордук кол салууну айыптады

АКШ Батман облусунда 7 аскер шейит болгон террордук кол салууну айыптады.

АКШ элчилигинин социалдык бөлүшүү эсеби твиттерде бул сөздөргө орун берилди : «Батманда бүгүн болгон кол салууну айыптайбыз жана каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз. ПКК террористтери кол салууларын токтотушу керек. Террор менен күрөштө союздашыбыз Түркиянын жанындабыз».

Европа Биримдигинин Түркия делегациясынын жетекчиси, элчи  Кристиан Бергер да берген маалыматында каза болгондор үчүн көңүл айтты жана жаралуулардын бат айыгып кетишин каалады. Бергер маалыматында : «Батманда болгон террордук кол салууну катуу айыптап, каза болгон 7 түрк аскери жана жараланган 2 түрк аскери үчүн санааркап жатабыз»,- деди.

Батмандын Гержүш элетинде ПКК террористтери тарабынан мурунтадан жолго жайгаштырылган бомба менен жасалган кол салууда 7 аскер шейит болуп, 2 аскер жараланган.



Тектеш кабарлар