Манбижде биргелешкен күзөт башталат

Сириянын Манбиж аймагында Түрк куралдуу күчтөрү жана АКШ бөлүктөрүнүн биргеликте күзөттө туруу боюнча машыгуусу эң кыска убакытта башталат.

1060440
Манбижде биргелешкен күзөт башталат

Сириянын Манбиж аймагында Түрк куралдуу күчтөрү жана АКШ бөлүктөрүнүн биргеликте күзөттө туруу боюнча машыгуусу эң кыска убакытта башталат.

 Жетекчилер машыгууларды кыска убакыттын ичинде баштоо  үчүн керектүү кадамдарды таштап жатышкандарын белгилешти. Бир тараптан Түрк куралдуу күчтөрү Евфрат калканы операциясы жүргүзүлгөн аймак менен Манбиж жолунда 53 -  күзөтүн жекшемби күнү аткарды.

Түркия жана АКШ 4 – июнда түзгөн макулдашуу боюнча Евфрат дарыясынын батыш жээгинде уя салган ПКК террордук уюмунун Сириядагы уландысы ПЙД – ЙПГ террористтеринин аймактан чыгарылышы, экинчи баскычта түрк жана АКШ тарабынын аскердик жана чалгындоо элементтери менен районду бирдикте текшерүүгө алышы күтүлүүдө.

Макулдашууда орун алган үчүнчү баскычта болсо Манбиждин жергиликтүү элементтерден башкаруу курулат.

Райондун коопсуздугун түзө турган аскердик парламент менен шаар кызматтарын бере турган парламент калктын этникалык абалына карата курулат.

ЙПГ/ПКК, Халеп облусуна караштуу Манбиж районун 2016 -  жылы август айында АКШнын колдоосу менен ДЕАШ террордук уюмунан алган.

ДЕАШ террордук уюмуна каршы күрөшүү деген шылтак менен ЙПГ/ПККга карата колдоосун уланткан АКШ райондун борборунун ДЕАШтан тазаланышынан кийин ЙПГ/ПККнын райондон чыгары тууралуу Түркияга кепилдик берген бирок муну орундаткан эмес. Манбиж калкынын 90 пайызынан көбүн араптар түзөт.



Тектеш кабарлар