Эгерде АКШдан талап болсо Трамп менен жолугушууга баа беребиз

Эрдоган Нью-Йоркко кетээр алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда маалымат жыйын өткөрдү.

1054976
Эгерде АКШдан талап болсо Трамп менен жолугушууга баа беребиз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШ тарабынан президент Дональд Трамп менен жолугушуу талабы келсе ага баа бере тургандарын айтты.

Эрдоган, БУУнун башкы ассамблеясынын 73-жыйналыштарына катышуу үчүн 23-26-сентябрь күндөрүнүн аралыгында АКШда болот.

Эрдоган Нью-Йоркко кетээр алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда маалымат жыйын өткөрдү.

БУУнун башкы ассамблеясында сүйлөй турган сөзү тууралуу Эрдоган: «Сөздөрүмдө адамзат кризистерине көңүл буруп, абийирди терең жаралаган бул маселелерге чечүүчү жол табылышы үчүн чакырык саламын»,-деди.

Эрдоган, Сириянын келечеги үчүн эң чоң маселенин Евфрат дарыясынын чыгышындагы айрым шериктештердин карамагында чоңоюп жаткан террор баткагы (ПКК/ПЙД-ЙПГ) болгонун айтты.

Эрдоган, Сирия кризисинен бери 7 жыл өтсө дагы эч ким Түркия сыяктуу тынчтык үчүн аракет кылбаганын маалымдады.

АКШнын президенти Трамп менен жолугуп жолукпай турганы жөнүндөгү суроого жооп иретинде Эрдоган: « АКШ тарабынан талап болсо ага баа беребиз. Учурда андай нерсе жок»,-деди.

АКШдагы жолугушууларында инвесторлор менен да жолугуша тургандарын айткан Эрдоган: «Нью-Йорктогу жолугушууларыбыздан кийин 27-29-сетябрда германияга барабыз. Германияда канцлер Меркель менен жолугуабыз. Европада күчөп бараткан чет элдикке душмандык жана Исламофобия туурасында да сүйлөшөбүз. Урматтуу Меркелдин да жикчил кыймылдарга каршы абалын билебиз. ПКК жана Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) сыяктуу уюмдарга каршы таасирдүү күрөш жүргүзүүнү күткөнүбүздү бөлүшөмүн»,-деп айтты.

Ирандагы террордук кол салууга токтолгон Эрдоган, окуя тууралуу кеңири маалыматтар да аныктала электигине басым жасап, ушундай абалда аймактагы сезимталдык дагы артканын белгиледи.

Бирт тараптан «» гезити Кытайдын АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүнөн баш тартканын, премьер-министринин орун басары Лиу Хенин алдыдагы аптада Вашингтонго барбай турганына басым жасады.


Этикеткалар: #Эрдоган , #АКШ

Тектеш кабарлар