Эрдоган түрк экономикасынын улам күчтөнүп келечекке баратканын айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Бештепедеги «Миллет» маданият жана конгресс борборунда Ардагерлер күнү аземине катышты.

1052806
Эрдоган түрк экономикасынын улам күчтөнүп келечекке баратканын айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, айрым чөйрөлөрдүн доллар курсу аркылуу экономикада манипуляция кылууга аракет кылгандарына көңүл бурду.

Эрдоган, Бештепедеги «Миллет» маданият жана конгресс борборунда Ардагерлер күнү аземине катышты.

Эрдогандын бул жердеги сөз сүйлөөсүндө экономикага байланыштуу темалар алдыңкы планга чыкты.

Айрым чөйрөлөрдүн экономикада жаңылыш түшүнүк жаратууга аракет кылгандарына басым жасаган Эрдоган, атуулдарды мындай чөйрөлөргө ишенбөө сунушун кылып түрк экономикасынын улам күчтөнүп келечекке баратканын айтты.

Валюта аркылуу түзүлгөн кыймылдуу, кыймылсыз мүлк алып-сатуулардын жана ижаралардын алдын алган Президенттик токтомуна шилтеме кылган Эрдоган: «Бул өлкөдө мындан кийин доллар, евро менен ижарага берүү болбойт. Бул өлкөдө түрк лирасы (ТЛ) жарактуу. Бул жер Түркия. АКШ эмес. ТЛ менен дүкөнүңдү ижарага бересиң, соодаңды да ТЛ менен жасайсың»,-деди.

Орусия менен мурдагы күнү жетишилген Идлиб макулдашуусуна токтолгон Эрдоган: « (Орусиянын президенти) Путин менен болгон жолугушууда Сириянын Идлиб аймагына байланыштуу тынчтык процессин кандай баштаганыбызды айтышты. Ал документке кол коюлду. Идлибде эми кан төгүлбөсүн дедик. Эми көз жашы токтосун. Ошон үчүн да кандай кадам таштай турган болсок таштайлы. 12 берене тизмеленди, кол коюлду. Бул чек араларыбыздын ары жагында тынчтыкка кадам болуп саналат. Буюрса уландысы келет»,-деп айтты.

Сөзүндө 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинде эл көрсөткөн баатырдыкка да токтолгон Эрдоган: «Террористтердин мыкаачылык кол салууларына каршы эрдик көрсөткөн элибиз чыккынчылардын максаттарына жетүүсүнө уруксат берген жок. Намыска бек турушунун мисалын 15-июлда бардыгыбыз бирге көрдүк. Кана эмесе көчөлөргө дедик, миллиондор көчөлөргө чыгышты. Эмне болот деп ойлоп да коюшкан жок. Жалгыз гана мекен, улут дешти. Менин атуулдарымдын колунда жалгыз гана желек бар болчу»,-деп айтты.

Түркияны бурчка такаш үчүн ташталган ар бир кадамга карата жаңы каалгалар ачылышы менен натыйжаланганын белгилеген Эрдоган: «Бир каалга жабылса Алла Таала башка бир жерден каалга ачат. Унутпагыла ар бир төрөлүү сыяктуу бул жаңы процесстин да машакаттары бар. Ар бир куттуу төрөлүү машакаттуу болот, унутпагыла. Бул процессте кээде шейиттерибиздин артынан ыйладык, ардагерлерибиздин кайгыларын бөлүштүк»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар