Түркия Эфиопия жана Эритреянын ортосунда тынчтык келишиминеыраазычылыгын билдирди

Эритрея менен Эфиопиянын ортосунда 1998 -  2000 – жылдарда болгон согушта он миңдеген киши каза болгон.

1051762
Түркия Эфиопия жана Эритреянын ортосунда тынчтык келишиминеыраазычылыгын билдирди

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта бул сөздөргө орун берилди : «Эритрея менен Эфиопиянын ортосунда 1998 -  жылы үзүлгөн карым  - катнаштардын калыбына келишине карата Тынчтык келишиминин Эритрея президенти Исайяс Афверки менен Эфиопиянын премьер  - министри Абий Ахмед тарабынан 2018 -  жылы 16 -  сентябрда Жиддада кол коюлушу кубантуучу. Эритрея менен Эфиопия калкынын бейкуттугуна салымын кошо турган бул келишимдин Чыгыш Африкада тынчтык менен ырааттуулуктун түзүлүшүнө да салым кошоруна ишенебиз».

Эритреянын 1993 -  жылы Эфиопиядан көз карандысыздыгын алгандан кийин эки өлкөнүн ортосунда чек ара келишпестигинен улам 1998 -  2000 – жылдарда болгон согушта он миңдеген киши каза болгон.

Алжирде 2000 – жылы кол коюлган келишимден кийин Эфиопиянын кээ бир талаш  - тартыштуу аянттардан чыгууну четке кагышы менен эки өлкөнүн ортосундагы араздашуу улантылган.

Эфиопия менен Эритрея лидерлеринин июль айында бири бирине карата сапарлары менен тараптардын ортосундагы мамиле жумшаган. Орток тынтык жана достук декларациясына кол коюлган. Тынчтык келишиминен кийин эки өлкө элчиликтерин кайрадан ачуу чечимин чыгарышкан.



Тектеш кабарлар