Президент Эрдоган бүгүн Орусияга барат
Президент Р. Т. Эрдоган Орусия федерациясынын президенти В. Путин менен бүгүн Сочиде жолугушат.
1050902
![Президент Эрдоган бүгүн Орусияга барат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8b3d/bde5/e3db/5a49f293ce8ae.jpg?time=1718907473)
Эки лидер Сириянын Идлиб аймагында болгон абалдарды карап чыгышат. Эрдоган Путин жолугушуусунда Идлибде ыктымалдуу кол салуу жарата турган көч толкуну, аймактагы түрк аскерлеринин коопсуздугу, саясий, чечүүчү жол аракеттери сыяктуу маселелердин каралашы күтүлүүдө.
Жолугушууда аймактагы акыркы абалдар менен экономикалык жана энергетика темалары да каралат. Бул жолугушуу 26 - сентябрда БУУнун Жалпы Кеңешинде боло турган Сирия тууралуу жыйындан мурда да чоң мааниге ээ болууда.
Эрдоган Путин менен акыркы жолу үчтүк саммиттен мурда 7 - сентябрда Ирандын борбор шаары Тегеранда эки тараптуу жолугушуу өткөргөн.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718907473)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.