Президент Р. Т. Эрдоган Орусияга барат

Президент Р. Т. Эрдоган дүйшөмбү күнү Орусиянын президент В. Путин менен Сочиде жолугушат.

1049624
Президент Р. Т. Эрдоган Орусияга барат

Президент Р. Т. Эрдоган дүйшөмбү күнү Орусиянын президент В. Путин менен Сочиде жолугушат.

Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын кеңейтилген облустук жетекчилер жыйынында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Сириянын Идлиб аймагында жашаган жарандардын Орусия менен Сирия режиминин кыргын коркунучу менен бетме  - бет экендигин баса белгилеген Эрдоган бул маселени сүйлөшүү үчүн Орусияга барарын жана Путин менен жолугушарын белгиледи.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да президент Р. Т. Эрдогандын дүйшөмбү күнү Орусиянын президенти В. Путин менен Сирия тууралуу сүйлөшөрүн билдирди.

Расмий сапар менен Пакистанга барган Чавушоглу Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейш менен жолугушкандан кийин биргеликте пресс  - жыйын өткөрдү. Мевлют Чавушоглу бул сапардын эки өлкөдө болгон шайлоодон кийин ишке ашышынын өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Министр Чавушоглу Идлиб маселесине байланыштуу жалпы Сирияда жана Идлибде так бир саясатты Түркиянын жүргүзүп жаткандыгын баса белгилеп, Түркиянын Сирияда тынчтык жана саясий чечүүчү жолду каалагандыгын айтты.

Чечүүчү жол үчүн Түркиянын Астана жана Женевада абдан чоң аракет кылгандыгын баса белгилеген  Чавушоглу Сирияда саясий  чечүүчү жолдун табылышын каалашкандарын жана өлкөнүн келечегин коркуткан террор менен күрөшүүдө чечкиндүү экендерин билдирди.

Чавушоглу : «Террор менен күрөшүү тууралуу баары менен кызматташууга даярбыз. Бирок террордук уюм менен күрөшүү деген аттын астында жарандардын, аялдардын, балдардын өлтүрүлүшү адамзаттык эмес. Бул жол менен тынчтык менен бейкуттукту алып келе албайбыз»,- деди.

Түркиянын бул тууралуу жолугушууларын улантарын айткан Чавушоглу : «Дүйшөмбү күнү президентибиз Эрдоган Путин менен дагы бир жолугушуу өткөрөт. БУУда да бул аракеттерибизди улантабыз. Ансыз да Түркиянын бул аракеттерине бүткүл дүйнө жана мекемелерден олуттуу бир колдоо келип жатат»,- деди.



Тектеш кабарлар