Рейханлыны жардырган террорист Түркияда жазага тартылат

Террорист Юсуф Назик, Улуттук чалгындоо уюму тарабынан Сирияда кармалып Түркияга алып келинди.

1048378
Рейханлыны жардырган террорист Түркияда жазага тартылат

2013-жылы Хатайдын Рейханлы районундагы кол салууну пландаган террорист Юсуф Назик, Улуттук чалгындоо уюму тарабынан Сирияда кармалып Түркияга алып келинди.

Террорист алгачкы сөзүндө Рейханлыда 53 жаран каза болгон мыкаачылык кол салууну Сириянын чалгындоо бөлүктөрүнөн алган буйрук менен ишке ашырганын моюнга алып, «Сирия мамлекетине дагы үн катуудамын, Түркия мамлекети абдан күчтүү, албетте бул үчүн сизди жоопко тартат»,-деп айтты.

Рейханлыдагы бомбалуу кол салууда кылмышкерлерге багыт берген жана Сириянын чалгынчылары менен байланышты камсыздаган Юсуф Назик турган жерге Латакия шаарында Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму тарабынан операция жүргүзүлдү.

Изделген террористтер тизмесинде «көк» категорияда орун алган Назик, Улуттук чалгындоо уюмунун мүчөлөрү жүргүзгөн операция менен кармалышынан кийин коопсуз жолдор аркылуу Түркияга алып келинип суракка алынды.

Террорист Назик, алдын ала сурагында Сириянын чалгындоо бөлүктөрүнөн алган буйрук менен Түркияда кыймыл кылуу изденүүсүнө кирип альтернативалык кыймыл кылуу жерлерине карай чалгындоо иштерин кылганын, жарылуучу заттардын Сириядан Түркияга алып келинишин жана ижрага алган эки транзит үлгүсүндөгү унаага жайгаштырылышын камсыздаганын моюнга алды.

Террорист айрыкча Рейханлы жарылууларында роль алганы белгилүү болгон Мукавеме Сириянын жалган лидери Михрач Урал туурасында да кеңири маалыматтарды бөлүштү.

Кыймылга катышкан башка качып жүргөн шектүүлөрдү да багынып берүүгө чакырган террорист, сурак убагында Антакияда туулганын айтып үй-бүлөсү туурасында маалымат берген соң Рейханлыдагы кол салууну жолдоштору менен бирге кылгандарын моюнга алды.

Кол салуу буйругун Сириянын чалгындоо кызматынан алганын белгилеген террорист: «Түркия мамлекетинен кача алган жокмун, өкүнүүдөмүн. Мени Сириядан кармап келишти. Сириядагы жолдошторума үн катуудамын; жол жакын болуп турганда кайткыла, Түркия мамлекети бизди коргойт, өз мамлектибиз бизди коргойт. Сирия мамлекетине дагы үн катуудамын, Түркия мамлекети абдан күчтүү, албетте бул үчүн сизди жоопко тартат»,-деп айтты.

Террористтин кармалышы үчүн ишке ашырылган жана чет элдик кайсы бир мамлекеттен чалгындоо же тылдык колдоо алынбаган операцияда, аныктоо, байкоо, кармоо жана өткөрүү баскычтары толугу менен Улуттук чалгындоо уюмунун башкармалыгы тарабынан ишке ашырылды.

Адилет министри Абдүлхамит Гүл, Рейханлы кол салуусун пландаган Юсуф Назиктин кармалганы боюнча: «Ийгиликтүү операция жүргүзүлдү. Мамлекетибиз кылмышкер кайда болсо, кайсы террордук уюмга мүчө болсо да акырына дейре албетте изин кууйт жана көз карандысыз сотто кылмышкерге жазасын берет»,-деди.



Тектеш кабарлар