Кызылайдан сириялыктар үчүн кайтуу долбоору

Түркия сириялык качкындардын өлкөлөрүнө кайтышы үчүн жаңы бир кадам таштап жатат.

1044629
Кызылайдан сириялыктар үчүн кайтуу долбоору

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сирияда жүргүзгөн Евфрат калканы операциясы менен террористтерден тазаланган аймакка жаңы турак жайлар курулат.

Түрк Кызылайы тарабынан биринчи баскычта 6 миң киши жашай турган миң турак жай курулат.

Биринчи этаптын турак жайлары Жараблус  - Ел Баб ортосундагы Түркия чек арасына 10 километр алыстыктагы аянтка курулат.

Түрк Кызылайынын төрагасы Керем Кынык турак жайлар курула турган аймакта изилдөө жүргүздү.

Архитектуралык долбоору бүткөн турак жайлар 6 миңге жакын кишинин турмуштук аянты болот. Турак жайлардын 1 жылдын ичинде бүткөрүлүшү пландалууда.

 



Тектеш кабарлар