Түркия - Катар ортосундагы келишим

Түркия менен Катардын ортосунда экономикалык келишимге кол коюлду.

1043198
Түркия  - Катар ортосундагы келишим

Түркия менен Катардын ортосунда соода жана экономикалык өнөктөштүк келишимине соода министри Рухсар Пекжан менен анын коногу катары Түркияга келген Катар экономика жана соода министри Ахмед бин Мухаммед бин Жассим ел Сани тарабынан Анкарада кол коюлду.

Соода министрлиги товар жана тейлөө соодасында кенен масштабдуу эркиндешүүнү максат кылган келишим менен Түркиянын экономикалык кемчилигинин тарайтылышы жана Катар капиталынын тартылышынын максат кылынгандыгы белгилеген. Келишим телекоммуникация жана финансылык тейлөөнү да камтууда.

Соода министри Рухсар Пекжан Түркия  - Катар соода жана экономикалык өнөктөштүк келишимине кол коюлушу менен Түрк  - Катар достугунда жаңы бир баскычтын пайда болгондугун билдирди. Министр Пекжан делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин берген маалыматында кылымдардан бери улантылып келе жаткан Түрк  - Катар достугунда бүгүн жаңы бир баскычтын пайда болгондугун белгиледи. 

Экономикалык жана соода карым  - катнаштарынын арттырылышын максат кылган келишим менен башта нефть продукциялары жана жаратылыш газды арзанга алуу каалоосу менен өндүрүштө чыгымдардын төмөндөтүлүшү максат кылынууда. 

Телекоммуникация жана финансылык тейлөөнү да камтыган келишим Түркиянын экономикалык кемчилигинин тарайтылышы, өлкөгө Катар капиталынын тартылышы тууралуу олуттуу кадам таштайт. 

 



Тектеш кабарлар