Чавушоглу - Косиас жолугушуусу

Мевлют Чавушоглу менен грек кесиптеши Никос Косиас Грециянын жаңыланган Измир башкы консулдук имаратынын ачылышын аткарды.

1042946
Чавушоглу  - Косиас жолугушуусу

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркия менен Грециянын ортосунда кээ кээде келишпестиктер болуп тургандыгына карабастан диалогду чечүүчү жол катары көрүшкөндөрүн айтты.

Мевлют Чавушоглу менен грек кесиптеши Никос Косиас Грециянын жаңыланган Измир башкы консулдук имаратынын ачылышын аткарды.

Эки министр бул жерде өткөргөн пресс  - жыйында сөз сүйлөштү.

«Түркия менен Греция аймагыбыздын жана тарыхтын негизги өлкөсү. Эки чоң цивилизациянын өкүлүбүз»,- деген Чавушоглу : «Эки өлкөдө тең сансыз маданий кабарлар бар. Тилибизде 5 миң орток сөз бар. Булардын баары элдерибизди жакындатууда.

Келише албаган күндөр бар. Бирок кызматташтык жана диалогду чечүүчү жол катары көрүүдөбүз. Көз караш айырмачылыктарыбыз сыр эмес»,- деди.

2016 -  жылы 15 -  июлда козголоң кыймылына катышып Грецияга качкан Фетуллахчы террордук уюмдун мүчөлөрүнүн бул өлкөдө коргоого алынгандыгын айткан Чавушоглу : «Грецияны бутага алган козголоңчулар жана чыккынчылар биздин өлкөбүздө жашай алышпайт. Уруксат бербейбиз»,- деди.

Грек министр Косиас болсо козголоң кыймылына каршы Түркиянын жанында экендерин айтты.



Тектеш кабарлар