30 -  Август жеңиш майрамынын 96 -  жылы өлкөнүн бардык жеринде майрамдалууда

Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн командирлигиндеги түрк армиясы 96 жыл мурда бүгүн дүйнө тарыхынын эң чоң каармандык дастандарынын бирөөсүн жазды.

1040068
30 -  Август жеңиш майрамынын 96 -  жылы өлкөнүн бардык жеринде майрамдалууда
zafer bayrami.jpg

30 -  Август жеңиш майрамынын 96 -  жылы өлкөнүн бардык жеринде жана өлкө тышындагы өкүлчүлүктөрдө кубанычтуу майрамдалууда.

Борбор шаар Анкарадагы аземдер Аныткабирде башталды. Президент Р. Т. Эрдоган коштоосундагы делегация менен бирге Атанын алдына чыкты.

Аныткабирдин атайын дептерине кол жазмасын калтырган Эрдоган жокчулук, жакырдыкка карабастан Боштондук Согушунун башкы командиринин лидерлигинде жүргүзүлгөн күрөштүн мөмөсү болгон бул көркөмдүү жеңиштин түрк тарыхынын алтын алкактарынын бири экендигин белгиледи.

Түрк улутунун дайыма келечегине ээ чыккандыгын баса белгилеген Эрдоган : «Акыркы учурларда өлкөбүздүн эгемендигине карата жасалган коркутуулар, эреже бузуулар жана кол салуулар бизди максаттарыбыздан эч качан алыстата албайт»,- деди.

Эрдоган президенттик комплексте 30 -  Август жеңиш майрамына арналган куттуктоолорду кабыл алат, аскердик окуу  - жайында  улуттук коргонуу университетинин аскердик мектептеринин бүтүрүү аземине катышат жана президенттик комлексте конокторду кабыл алат.

Жаштык жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу да катыша турган «Кожатепеден Думлупынар  -Зафертепеге, көз карандысыздыкка кеткен жол» деген ураан менен Күтахяда 30 -  Август жеңиш майрамы үчүн иш чара өткөрүлөт.

Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн командирлигиндеги түрк армиясы 96 жыл мурда бүгүн дүйнө тарыхынын эң чоң каармандык дастандарынын бирөөсүн жазып, баскынчы күчтөрдү өлкөдөн кууп чыгуу үчүн көз карандысыздык отун «Чоң чабуулду» баштатуу менен жакты.  

«Чоң чабуул»  Думлупынарда башкы командирлик майдан согушунун жеңиши менен аяктады.

Мустафа Кемал паша Улуу Жеңиштен кийин 1 -  сентябрда Думлупынарда, Батыш фронтундагы бөлүктөргө : «Аскерлер, биринчи максатыбыз Жер Ортолук деңизи, алдыга»,- деген буйрук берди.

27 -  августта Афьонкарахисар, 30 -  августта Күтахянын курулушунан кийин 1 -  сентябрда Гедиз, 3 -  сентябрда Эмет жана Тавшанлынын курулушу келди. 9 -  сентябрда Измирде грек армиясын деңизге түшүргөн түрк армиясы Мустафа Кемаль пашанын буйругун ийгиликтүү орундатты.

 



Тектеш кабарлар