Түрк аскердик учкучу АКШ асманында
Түрк аскердик учкучу АКШдагы учуу машыгууларынын негизинде Ф - 35 учагы менен биринчи учушун ишке ашырды.
1039689
![Түрк аскердик учкучу АКШ асманында](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f0f5/27f8/c904/5b863bbf8b9a4.jpg?time=1718850918)
Түрк аскердик учкучу АКШдагы учуу машыгууларынын негизинде Ф - 35 учагы менен биринчи учушун ишке ашырды.
Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта : «Түрк учкучтарынын АКШда улантылып жаткан машыгууларынын негизинде учкучубуз тарабынан биринчи Ф - 35 учушу 2018 - жылы 28 - август күнү ишке ашырылды»,- деп билдирилди.
Түркиянын программага өнөктөш да болгон Ф - 35 проектисинин негизиндеги биринчи учак Teksas-Fort Worthко июнь айында өткөрүлгөн азем менен тапшырылган. Түркия Ф – 35 учактарынын баскыч түрүндө 100 даана алууну пландап жатат.
Биринчи учактардын 2019 – жылы ноябрь айында Түркияга келишинен кийин 2020 - жылы да машыгуу иштери башталат.