Кытайдын адилеттик министри Түркияда
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык тууралуу пикир алышуулар болду.
1039789
Адилеттик министри Абдулхамит Гүл расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн борбор шаар Анкарага келген Кытай Эл Республикасынын адилеттик министри Фу Жынгхуа менен жолугушту.
Министрликте басма сөзгө жабык өткөн жана бир саатка созулган жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык тууралуу пикир алышуулар болду.
Жолугушууга адилеттик министринин орун басары Селахаддин Ментеш менен тышкы карым - катнаштар жана Европа Биримдигинин башкы директору Касым Чичек да катышты.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.