Түркиядан Макронго каршы чыгуу

Түркия Франциянын президенти Еммануэль Макрондун Түркиянын Европага каршы экендиги тууралуу билдирүүсүнүн чындык менен дал келбегендигин жарыялады.

1039211
Түркиядан Макронго каршы чыгуу

Түркия Франциянын президенти Еммануэль Макрондун Түркиянын Европага каршы экендиги тууралуу билдирүүсүнүн чындык менен дал келбегендигин жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Макрондун Түркияга жана Европа Биримдигине мүчөлүк процессине байланыштуу сөздөрү тууралуу маалымат берди. Аксой : «Макрондун борбор шаар Парижде өткөргөн Элчилер конференциясында кечээ өлкөбүзгө жана Европа Биримдигине мүчөлүк процессибизге байланыштуу айткан кээ бир сөздөрүн өкүнүү менен угуп жатабыз»,- деди.

Аксой : «Өлкөбүз 2016 -  жылы 15 -  июлда болгон козголоң кыймылынан улам абдан кыйын бир мезгилди өткөрдү. Бирок өткөн айда өзгөчө кырдаал акырына чыкты. Түркия өзгөчө кырдаалдан чыкты жана президенттик өкмөт системасына өткөндөн кийин өзгөчө Европа Биримдиги реформалары тууралуу алдыга жылуу мезгилине кирди. Макрондун өлкөбүзгө байланыштуу маалыматтары дайыма айтып түшүндүргөнүбүзгө карабастан Түркиянын чындыктарын түшүнүүдөн алыс экендигин дагы бир жолу көрсөттү»,- деди.

Аксой НАТО союздашы жана Европа Биримдигине мүчөлүгүнө талапкер Түркиянын азыркы учурда Европа Биримдигинин стратегиялык жана өзгөчө өнөктөшү экендигин жана миграциядан террор менен күрөшүүгө чейин бир топ тармакта Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык механизмдерине ээ экендигин белгиледи.

Аксой : «Президенттик өкмөт системасы менен дагы күчтүү, демократиялык жана лаик Түркия, Европа Биримдигине толук мүчөлүк жолунда алдыга жылууда чечкиндүү. Дүйнөнүн оорусу болгон популизм жана бөлүүчүлүккө каршы максатыбыз; дагы күчтүү жана бөлүшкөн орток нарктарга таянган жана түркиялык бир Европа Биримдиги»,- деген билдирүү берди.

Макрондун сөзүндө бир канча жолу ислам динин террор менен байланыштыруу аракетине киргендигин да белгилеген Аксой : «Террордун дини, улутунун болбогондугун, бул  террордун бир дин менен байланшырылышынын жаңылыш экендигин дагы бир жолу айткыбыз келет»,- деди.

Аксой сөзүндө Суук согуштун акырына чыккандыгын белгилеп Макронго : «Дүйнө баш  - аламан жана коркунучтуу сыноолор менен бетме  - бет болгон бир мезгилде түркиялык Европа Биримдигинин маанисинин дагы бир жолу арткандыгын биз да эстеткибиз келет»,- деп кайрылды.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар