Түркия менен Катардын ортосунда биринчи кадам ташталды
Эки өлкөнүн ортосунда келишимге кол коюлду.
Катардын Түркияга карай 15 миллиард долларлык инвестиция долбоорун ишке ашыруу чечиминин биринчи кадамы ташталды.
Түркиянын Борбордук банкы менен Катардын Борбордук банкынын ортосунда Дохада өткөрүлгөн аземде эки тараптуу акча алмашуу келишимине кол коюлду.
Келишимге Түркиянын Борбордук банкынын төрагасы Мурат Четинкая жана Катардын Борбордук банкынын төрагасы Абдуллах Бин Аль Тани тарабынан кол коюлду. Катардын Борбордук банкынын башкы борборунда өткөрүлгөн кол коюу аземине эки өлкөнүн тең жооптуу кызматкерлери катышышты.
Аты аталган келишимдин негизинде эки өлкөнүн ортосунда жергиликтүү акча бирдиктери аркылуу соода жүгүртүүнү жеңилдетүү менен катар каржылык ырааттуулукка колдоо көрсөтүлүшү максатталып жатат.
Бул келишим өлкөнүн резервдеринин күчтөндүрүлүшүнө да салым кошот.
Келишимдин алкагында биринчи этапта колдонула турчу каражаттын 3 миллиард доллар болушу күтүлүүдө.