Түркия Кофи Аннандын дүйнөдөн кайтканына көңүл айтуусун жарыялады

Түркия, БУУнун мурдагы баш катчысы Кофи Аннандын дүйнөдөн кайтканы боюнча көңүл айтуусун жарыялады.

1035076
Түркия Кофи Аннандын дүйнөдөн кайтканына көңүл айтуусун жарыялады

Түркия, БУУнун мурдагы баш катчысы Кофи Аннандын дүйнөдөн кайтканы боюнча көңүл айтуусун жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин жарыясында, «Кофи Аннандын үй-бүлөсүнө жана жакындарына, айрыкча дос Гана калкына кайрат айтабыз»,делди.

Министрликтин жарыясында БУУнун баш катчылык милдетин 1997-2006-жылдар аралыгында ийгиликтүү аткарган Кофи Аннандын дүйнөдөн кайтканына капа болгону билдирилди.

Африкадан жетилген эң таанымал дипломаттардан бири, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ээси, дүйнөлүк тынчтыкка чоң кызмат кылган, иштеринин Түркияны кызыктырган тышкы саясат темалары жагынан да маанилүү орунга ээ болгону белгиленди.

Анда, Кофи Аннандын атынан эскерилген БУУнун «Кеңири чечүүчү жол табуу» планынын 2004-жылы Кипрге чечүүчү жол табуу процессинин алкагында алгач ирет Аралдагы эки элдин бекитүүсүнө сунушталганы, пландын бир убакта өткөрүлгөн референдумдар менен Кипрдин Түрк тарабы тарабынан кабыл алынганына карабастан Кипрдин Рум тарабы тарабынан четке кагылганы эске салынды.


Этикеткалар: #Түркия , #БУУ , #Кофи Аннан

Тектеш кабарлар