Мыйзамсыз миграция агымына каршы күрөш

Айважыкта 41 бозгун кармалды.

1034139
Мыйзамсыз миграция агымына каршы күрөш

Чанаккаленин Айважык районунда мыйзамсыз жолдор менен Грециянын Мидилли аралына барууга аракет кылган 41 бозгун кармалды.

Жээк коопсуздугун сактоочу топтор, Корубашы кыштагынын Жашыл порт жээктеринде резина кайыкка операция жүргүзүштү.

Операцияда аялдар жана балдар да арасында болгон ооган улутундагы 41 адам кармалды.

Ооганстандыктар жандармерияда текшерүүдөн өткөндөн кийин Айважыктагы Чет өлкөлүктөрдү кайра кайтаруу борборуна тапшырылды.

 



Тектеш кабарлар