Ирак түрк лирасы менен соода жүргүзүүгө даяр

Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибади, президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында маанилүү маалыматтарды берди.

1032405
Ирак түрк лирасы менен соода жүргүзүүгө даяр

Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибади, түрк акчасын колдонуу темасында Түркияны жактагандарын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында, жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын дагы да өнүктүрүлүшү жана чыңдалышы максатында коопсуздук, айыл-чарба, энергетика жана инвестиция менен катар маданий, өнөр жай жана соода темалары каралганын белгиледи.

Түрк лирасына карай спекуляциялык чабуулдарга каршы Ибади: «Түркиянын акчасы маселесинде Түркия менен бирге болобуз. Чыгара турган ар түрдүү чара көрүүлөр темасында Түркияны колдойбуз»,-деп айтты.

Ибади, Түрк фирмаларына Иракка инвестиция салуу чакырыгын жасап, «Келгиле Иракка инвестиция салуу иштериңизди улантыңыз»,-деди.

Ирактагы түрк инвестицияларынын маданий жана социалдык тармакта карым-катнаштардын өнүгүшүнө салым кошо турганына ишенгенин белгилеген Ибади, электр, байланыш жана жараталыш газ куурлары сыяктуу долбоорлордун ишке ашырылышы темаларын карап чыккандарын айтты.

Керкүктөн жаңы мунай зат куур багыты ачылышы тууралуу сөз болгонун белгилеген Ибади, Керкүктөн ушундай түрдө экинчи түтүктөн Түркияга мунай зат үйлөтүлө турганын маалымдады.

Ибади: «Ирак тарабынан Фишхабур, Түркия тарабынан болсо Овакөйдө экинчи бажы капкасынын ачылышы боюнча иштерибиз уланууда»,-деп айтып, техникалык топтордун бул темадагы сүйлөшүүлөрү жүрүп жатканын кошумчалады.



Тектеш кабарлар