Эрдоган АКШнын чуулгандуу санкция чечимдериндеги оюнду көргөндөрүн белгиледи

Эрдоган, АКШнын чуулгандуу санкция чечимдериндеги оюнду көргөндөрүн белгилеп буга каршы күрөшүү билдирүүсүн айтты.

1031109
Эрдоган АКШнын чуулгандуу санкция чечимдериндеги оюнду көргөндөрүн белгиледи

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын чуулгандуу санкция чечимдериндеги оюнду көргөндөрүн белгилеп буга каршы күрөшүү билдирүүсүн айтты.

Трабзондон Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ жана жикчил террор уюму ПКК менен байланышы болгон АКШлык кечил туурасындагы мыйзамдуу процессти көрө албаган АКШга билдирүүсүн айткан Эрдоган: «Террордук уюмдар менен байланышы болгон кечил үчүн 81 миллион калктуу Түркияны садага чапканы турасыз. Эмне керек болсо укук мамлекети катары биз ошону кылдык. Туруп алып буйрук берүү менен Түркияны моюн сундура албайсыз. 81 миллиондук өлкө менен стратегиялык өнөктөштүгүн террор уюму менен өнөктөштүккө алмаштыргандарга, анда кош айтабыз»,-деп айтты.

Эрдоган жарандык коомдук уюмдар жана иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугуп, валюта курсу аркылуу жасалган кол салууга каршы улуттук каршы турууну көрсөтүүгө чакыруусун кайталады.

Президент Эрдоган, террор менен күрөшүү темасына токтолду. «Түркияда дагы, Сирияда дагы террорго жол бербейбиз»,-деди.

Эрдоган, тышкы күчтөрдүн Түркиянын түштүк чек араларында террор тилкесин түзө албай тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар