Африндеги бульварларга "Режеп Таййип Эрдоган" жана "Зайтун бутагы" деген ысымдар берилди

Үч бульвардын ысымы өзгөртүлдү.

1029006
Африндеги бульварларга "Режеп Таййип Эрдоган" жана "Зайтун бутагы" деген ысымдар берилди

Сирияда Түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия армиясы тарабынан террордон тазаланган Африн районунда айрым бульварларга «Режеп Таййип Эрдоган» жана «Зайтун бутагы» сыяктуу ысымдар берилди.

Африндин жергиликтүү парламенти, райондун борборундагы үч бульвардын ысымын өзгөрттү.

Демиржи Кава бульварына «Зайтун бутагы», Невруз бульварына «Селахаддин Эййюби» жана Өкмөт имараты бульварына «Режеп Таййип Эрдоган» аттуу ысым берилди.

Түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия армиясы 18-мартта террористтерден тазалаган Афринде коопсуздукту күчтөндүрүү иштери да үзгүлтүксүз уланып жатат. 

 


Этикеткалар: #бульварларга , #армиясы

Тектеш кабарлар