Түркия Грециянын чечимине каршылык көрсөттү

17-ноябрь террор уюмунун мүчөсү Димитрис Куфодинас, катуу кайтарылган Коридаллос абагынан алынып, Волостогу ачык абакка өткөрүлдү.

1025725
Түркия Грециянын чечимине каршылык көрсөттү

Грецияда удаама-удаа чатактуу чечимдер чыгып жатат...

Бул ирет арасында түрк дипломаттар да орун алган көп сандаган кишини өлтүргөн 17-ноябрь террор уюмунун мүчөсү Димитрис Куфодинас, катуу кайтарылган Коридаллос абагынан алынып, Волостогу ачык абакка өткөрүлдү.

Түркия бул чечимге катуу каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин жарыясында, «Террор уюмунун мүчөсү Димитрис Куфодинастын ачык абакка өткөрүлүшү өлкөбүздүн дипломаттарынын жанын кыйган террористтин ушундай укуктардан пайдаланышы кабыл алынгыс. Террористке ушундай түрдөгү жеңилдик берилиши, шейит дипломаттарыбыздын жаркын элесин жана үй-бүлөлөрүн урматтабоочулуктун белгиси»,делди.

Куфодинаска мындан мурда үч ирет уруксат алып тышка чыгуу укугу берилген. Түркиянын каршылык көрсөтүүсүндө, «Бул ирет Куфодинастын ачык абакка өткөрүлүшүнүн кабыл алына турган эч кандай себеби жок»,-деп айтылды.

Аты аталган террористтин Афинадагы Элчиликтин басма сөз атташеси Четин Гөргү жана Афинадагы Элчиликтин кеңешчиси Дениз Бөлүкбашыга карай кол салуунун кылмышкери экени белгилегенген жарыяда, Куфодинастын Афинадагы Элчиликтин кеңешчилери Халук Сипахиоглу кылмышынын да кылмышкерлеринин арасында орун алганы үчүн өмүр бою абак жазасына тартылганы белгиленди.

Анда, «Грек органдарын террор менен күрөшүүдө кемчилик жарата турган кадамдарды таштабоого жана террористтердин жазаландырылышында жоопкерчиликтерин орундатууга чакырабыз»,делди.

17-ноябрда террор уюму 1991-1994-жылдар аралыгында Түркиянын Афинадагы Элчилигинде кызмат кылган дипломаттар Четин Гөргү жана Өмер Сипахиоглун өлтүргөн, Элчиликтин кеңешчиси Дениз Бөлүкбашы, администрациялык атташеси Нилгүн Кечежи жана айдоочу Адил Йылдырымды жарадар кылган.

Бул чечимге АКШ дагы карышылык көрсөттү.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Науэрт, Твиттер барагынан Куфодинастын арасында америкалыктар да болгон 11 кишини өлтүргөнүн белгилеп: «Бул токтомду катуу айыптайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар