Адилет министри менен ички иштер министри АКШга каршылык көрсөттү

АКШ түркиялык эки министрге санкция киргизди.

1024294
Адилет министри менен ички иштер министри АКШга каршылык көрсөттү

Адилет министри Абдулхамит Гүл: «АКШда же кандайдыр бир өлкөдө тигилген дарагым дагы, бир тыйын акчам дагы жок»,-деди.

Абдулхамит Гүл Твиттер баракчасынан бөлөшкөн билдирүүсүндө, АКШнын өзүнө жана ички иштер министри Сүлейман Сойлуга карай санкция чечимине байланыштуу сереп салды.

Гүл билдирүүсүндө: «Менин өз мекенимде жашап же бул жерлерде көз жумуудан башка оюм болгон эмес. АКШда же болбосо Түркиянын тышындагы кандайдыр бир өлкөдө тигилген дарагым дагы, бир тыйын акчам дагы жок. Буюрса балким туулган жерим Газиантепте кичинекей зайтун бакчасын сатып аламын»,-деген сөздөргө орун берди.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу болсо: «АКШда бир мүлкүбүз бар ал (Фетуллахчы террор уюму) ФЕТӨ. Аны дагы ал жерге калтырбайбыз, алып келебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар