Түркия, Монголияны катуу айыптады

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Монголияда Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) түзүмү туурасында чыккан жаңылыктар тууралуу суроого жооп берди.

1022998
Түркия, Монголияны катуу айыптады

Монголияда Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) түзүмү туурасында чыккан жаңылыктар тууралуу суроого жооп берген тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, бул уюмдун Монголияда кеңири жайылган жана өлкөнүн улуттук коопсуздугуна да коркунуч туудурган террор түзүлүшү болгонун белгиледи.

Бул темадагы олуттуу санааркоо жана күтүүлөрдүн Монголиянын макамдары менен тынымсыз бөлүшүлгөнүн баса белгилеген Аксой, ФЕТӨнүн мүчөлөрүнүн сот алдында жооп берүүлөрүнүн укуктуу күтүүлөрү экенин, бирок Монголиядагы ФЕТӨгө каршы таштала турган кадамдардын белгиленишинин Монголия өкмөтүнүн ыйгарым укугунда экенине басым жасады.

Түркиянын башка өкөлөрдүн ички коопсуздук боюнча алдын алууларына кийлигишкен өлкө болбогонуна көңүл бурган Аксой: «Монголияда жума күнү болгон окуялардын уурдап качуу операциясы сыяктуу сунулушуна тынчсыздануудабыз. Бул айтымдар толугу менен чындыкка жатпайт жана биз тараптан четке кагылууда. Анкарадагы Монголиянын элчиси дагы Министрлигибизге чакыртылып жогорудагы жагдайлар айтылды жана болгон жагдайдын монгол макамдары тарабынан каралуу ыкмасы катуу айыпталды. ФЕТӨнүн Монголияда жүргүзгөн каралоо акциясын, бул уюмдун жалгандарды чыгаруу, коомдук пикирди манипуляция кылуу жана таасир тийгизүү жөндөмдүүлүгүн ачыкка чыгаруусу жагынан монгол досторубуз үчүн эскертүү билдирүсү катары каралышы керек. Монголиянын макамдарынын бул террор түзүлүшүнө жана Монголиядагы уландысына карай тийиштүү кадамдарды таштоосун күтүүдөбүз»,-деп айтты.

Монголия медиасы борбор калаа Улан-Батордогу бир түрк мектебинин мүдүрүнүн ФЕТӨнүн мүчөсү болгону белгиленгенин, анын түрк чалгындоо кызматы тарабынан уурдалып кете турганы жөнүндө айтымдарды жайган. Бул маалыматтар тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу тарабынан кескин түрдө төгүнгө чыгарылган болчу.



Тектеш кабарлар