Түркия Кипрдин Рум бөлүгүндө жыйналыш өткөргөн элчилерди эскертти

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой, аты аталган жыйналыш тууралуу маалымат берди.

1022675
Түркия Кипрдин Рум бөлүгүндө жыйналыш өткөргөн элчилерди эскертти

Түркия, Кипрдин Рум бөлүгүндө жыйналыш өткөргөн айрым өлкөлөрдүн элчилерине аша чаппоону сунуштады.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой, аты аталган жыйналыш тууралуу маалыматында, «Жыйналышта айрым элчилердин Рум башкаруучуларынын Чыгыш Жер Ортолук деңизде бир жактуу түрдө улантып келген мунай издөө иш-аракеттери туурасында колдоону талап кылган иш-аракеттерин орунсуз деп таптык. Аты аталган өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө аша чаппоолорун сунуштайбыз»,-деп айтты.

Кипрде адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жол табыла электиги эске салынган маалымдоодо, «Ушундай чөйрөдө Кипрдин Рум тарабынын Аралдын эбегейсиз ээси сыяктуу мамиле кылуу менен көөшөрүп бир жактуу түрдө мунай издөө иш-аракеттерин улантышы кабыл алынгыс абал. Аты аталган иш-аракеттер менен рум тарабы, Аралдын орток ээси болгон Кипр Түрктөрүнүн табигый ресурстардагы чыныгы укуктарын телеп жатышат»,делди.

Маалымдоо Түркиянын кипрдик түрктөрдүн укук жана кызыкчылыктарын коргоо жана Кипрдин Түрк тарабына колдоосун улантуу боюнча чечкиндүү болгонунун баса белгилениши менен соңуна чыкты.



Тектеш кабарлар