Мамилесин өзгөрткөн мен эмес, АКШнын президенти

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Түштүк Африка сапары убагында түрк журналисттерге маалымат берди.

1021832
Мамилесин өзгөрткөн мен эмес, АКШнын президенти

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияны санкциялар менен чечиминен баш тарттыра албай тургандарын айтты.

Президент Эрдоган, Түштүк Африка сапары убагында түрк журналисттерге Түркияда Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) жана ПККнын атынан кылмыш кылуу шеги менен кармалып Измирде абакта жаткан жана шаршемби күнү үй камагына алынган АКШлык кечил Эндрю Брансон туурасында маалымат берди.

Ак үй жана АКШнын Коргоо министрлиги Пентагондон келген Брансон тууралуу айтымдарга жана АКШнын президенти Дональд Трамптын мамилесин өзгөрткөнүнө сереп салган Эрдоган, мамиле өзгөртүүнүн өзүнүн эмес Трамптын маселеси болгонун белгилеп, айтылбаган нерселердин айтылган сыяктуу көрсөтүлүшүн туура деп эсептебегендерине басым жасады.

«Биз кечил Брансонду эч качан соодалашуу темасына айланткан жокпуз»,-деп айткан президент Эрдоган, АКШ менен соодалашуу болбогонун баса белгиледи.

Эрдоган, Вашингтондон келген санкция коркутуулары тууралуу, «Санкциялар менен Түркияны чечиминен баш тарттыра албайсыңар»,-деди.

«Биздин киндигибиз АКШ менен туташ эмес»,-деп айткан Эрдоган, АКШ мамилесин өзгөртпөсө, Түркия сыяктуу күчтүү жана чынчыл өнөктөшүнөн ажырай турганын унутпашы керектигин кошумчалады.

Президент Эрдоган, болуп жаткандарды психологиялык согуш деп мөнөздөдү жана «Биздин милдетибиз сабырдуулук менен жолубузду улантуу»,-деп айтты.

Эрдоган АКШдан алына турган F-35 учактырынын тапшырылышы тууралуу болсо, «Эмне экен? F-35терди бербей коет имиш. «Бербесеңер эл аралык арбитраждык сотко кайрылабыз» дегенбиз»,деген серебин салды.

АКШнын президенти Дональд Трамп, социалдык медиа түйүнү Твиттердеги барагынан бөлүшкөн маалыматында, «Кечил Брансон эркин кое берилбесе АКШ санкция киргизет», деп бөүшкөн.

Трамптан мурда Пенс да Брансонду АКШга алып кетиш үчүн аракет кыла тургандарын белгилеп, Брансондун эркин кое берилбеген учурунда Түркияга санкция киргизе тургандарын айткан.

Президент Эрдоган, Сириянын Идлиб аймагындагы кагылышуулар тууралуу суралган суроого Ирандын борбор шаары Тегеранда өтө турган Түркия жана Орусия да катыша турган саммитте Сирия маселесинин кеңири карала турганын айтты.

Эрдоган, бул саммиттен мурда 7-сентябрда Стамбулда, Франция, Германия жана Орусия катыша турган башка бир жыйналыш өтө турганын жарыялады.

Эрдоган, «Эмнелерди жасай ала турганыбызды сүйлөшөбүз. Стамбулдагы төрттүк жолугушууда, аймактык темаларды карайбыз»,деген маалымат берди.

Идлибге карай кандайдыр бир режимдик кол салуунун кабыл алынгыс экенине басым жасаган Эрдоган, бул теманы Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүдө карай тургандарын белгиледи.

Эрдоган, бул темада Орусия менен макулдашкандарын айтты. АКШнын шериктеш катары милдетин аткарбаганын белгилеген Эрдоган: «Террордук уюмдарга берген куралдар учурда орток базарда сатылууда. 5 миң фура курал террордук уюмдардын колдорунда айланып жүрөт»,-деди.


Этикеткалар: #Эрдоган , #АКШ

Тектеш кабарлар