Эрдоган:«Санкциялар менен Түркияны чечиминен баш тарттыра албайсыңар»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, түркиялык журналисттерге Африкада маалымат берди.

1021652
Эрдоган:«Санкциялар менен Түркияны чечиминен баш тарттыра албайсыңар»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияны санкциялар менен чечиминен баш тарттыра албай тургандарын айтты.

Президент Эрдоган, Түштүк Африка сапары убагында түрк журналисттерге Түркияда Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) жана ПККнын атынан кылмыш кылуу шеги менен кармалып Измирде абакта жаткан жана шаршемби күнү үй камагына алынган АКШлык кечил Эндрю Брансон туурасында маалымат берди.

Ак үй жана АКШнын Коргоо министрлиги Пентагондон келген Брансон тууралуу айтымдарга сереп салган Эрдоган, айтылбаган нерселердин айтылган сыяктуу көрсөтүлүшүн туура деп эсептебегендерине басым жасады.

«Биз кечил Брансонду эч качан соодалашуу темасына айланткан жокпуз»,-деп айткан президент Эрдоган, АКШ менен соодалашуу болбогонун баса белгиледи.

Эрдоган, Вашингтондон келген санкция коркутуулары тууралуу, «Санкциялар менен Түркияны чечиминен баш тарттыра албайсыңар»,-деди.

«Биздин киндигибиз АКШ менен туташ эмес»,-деп айткан Эрдоган, АКШ мамилесин өзгөртпөсө, Түркия сыяктуу күчтүү жана чынчыл өнөктөшүнөн ажырай турганын унутпашы керектигин кошумчалады.

Президент Эрдоган, болуп жаткандарды психологиялык согуш деп мөнөздөдү жана «Биздин милдетибиз сабырдуулук менен жолубузду улантуу»,-деп айтты.

Эрдоган АКШдан алына турган F-35 учактырынын тапшырылышы тууралуу болсо, «Эмне экен? F-35терди бербей коет имиш. «Бербесеңер эл аралык арбитраждык сотко кайрылабыз» дегенбиз»,деген серебин салды.

АКШнын президенти Дональд Трамп, социалдык медиа түйүнү Твиттердеги барагынан бөлүшкөн маалыматында, «Кечил Брансон эркин кое берилбесе АКШ санкция киргизет», деп бөүшкөн.

Трамптан мурда Пенс да Брансонду АКШга алып кетиш үчүн аракет кыла тургандарын белгилеп, Брансондун эркин кое берилбеген учурунда Түркияга санкция киргизе тургандарын айткан.


Этикеткалар: #Эрдоган

Тектеш кабарлар