Президент Түштүк Африкада ишкерлерге кайрылды

«Ашып өтө турган дагы көптөгөн дөңсөөлөр бар»

1021291
Президент Түштүк Африкада ишкерлерге кайрылды

Президент Р. Т. Эрдоган түрк тарыхынын эң чоң ийгиликтерине жетишкендигине карабастан азыркы учурдага абал менен эле калып калбай тургандыгын белгилеп : «Ашып өтө турган дагы көптөгөн дөңсөөлөр бар»,- деди.

10 – BRICS саммити үчүн Түштүк Африка Республикасына барган Эрдоган бул жерде өлкөнүн алдыңкы ишкерлери менен кечки тамакта жолугушту. Сөзүн эркин Түштүк Африканын куруучу лидери жана алгачкы президенти Нельсон Манделаны эскерүү менен баштаган Эрдоган бир өлкөнүн өнүгүшүндө, экономикалык максаттарынын ишке ашырылышында күчтүү саясий эркчелик иш дүйнөсүнүн мамилесинин да белгилөөчү ролу болорун айтты.

Эрдоган ишкерлер колдоо берген жана жол башчылык кылбаган бир өнүгүү аракетинин ийгиликтүү болуу мүмкүнчүлүгүнүн жок экендигин айтты. Эрдоган Түркиянын акыркы 16 жылда жетишкен экономикалык ийгилигинде саясатчылар менен бридикте иштеген, күрөшкөн ишкерлердин үлүшүнүн чоң экендигине көңүлдөрдү бурду.

2002 -  жылы бийликке келгенден бери Түркия тарыхынын эң чоң экономикалык секирик  кылгандыгын баса белгилеген президент : «Тегерегибиздеги бардык ыраатсыздыктарга, кагылышууларга, кыйынчылыктарга, кандуу козголоң кыймылына карабастан 2017 -  жылы 7, 4 пайыздык өсүү болду. Бул катнаш менен чоң жыйырмалар мүчөлөрүнүн арасында биринчи, ОЕСД мүчөлөрүнүн арасында экинчи орунду алдык. Тарыхыбыздын эң чоң ийгилигине жетишкендигибизге карабастан бул жетишкендиктер менен эле калып калган жокпуз. Ашып өтө турган дагы көп дөңсөөлөр бар. Дайыма дагы жакшыга, дагы бийиктерге жетүү үчүн күрөштүк. Жалпысынан Африка материги, Түштүк Африка Республикасы менен карым  - катнаштарыбызга да ошол эле түшүнүк менен мамиле кылуудабыз»,- деди.

Эки өлкөнүн ортосундагы 2, 2 миллиард доллар болгон соода көлөмүнүн жетерлик эмес экендигин баса белгилеген Эрдоган муну биринчи этапта 10 миллиард долларга чыгаруу керектигин айтты.

Түркия катары Африканын чыныгы досу, тагдырлашы болууну каалагандарын билдирген президент Эрдоган : «Максатыбыз бирдикте  ийгиликтерге жетишүү»,- деди.

Африкалык ишкерлерге : «Сиздерден Түркияга ишенүүңүздөрдү, Түркиянын түшүмдүү инвестиция чөйрөсүнө ишенүүңүздөрдү каалаймын»,- деп кайрылган Эрдоган кийинки жыйындын Стамбулда өткөрүлүшү тууралуу министрлер жана жетекчилердин даярдыктарды баштоосун суранды.



Тектеш кабарлар