Түркия Сауд нефть танкерине жасалган кол салууну айыптады

Кызыл деңизде Сауд Аравияга таандык бир  нефть кемеси кечээ Йемендеги Иран колдогон хусилер тарабынан кол салууга учурап, куткарылган.

1020794
Түркия Сауд нефть танкерине жасалган кол салууну айыптады

Түркия Бабүл Мендеп кысыгында Сауд нефть танкерлерине жасалган кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Сауд Аравия желектүү нефть танкерине Бабүл Мендеп кысыгында жасалган кол салууну айыптайбыз. Коопсуздукту коркунучка сала турган жана аймактагы араздашууну дагы да күчтөндүрө турган мындай провакациялык кыймылдардан алыс турууга чакырабыз»,- деп билдирилди.

Кызыл деңизде Сауд Аравияга таандык бир  нефть кемеси кечээ Йемендеги Иран колдогон хусилер тарабынан кол салууга учурап, куткарылган.

Сауд Аравиянын «Ел Ихбариййе» каналынын расмий твиттер эсебинен  жарыяланган маалыматта : «Кызыл деңизде Сауд Аравияга таандык бир нефть кемеси Иран колдогон хусилер тарабынан террордук кол салууга учурады»,- деп билдирилди.

 



Тектеш кабарлар