ТККнын террор менен күрөшүүсү

ТККнын Сирияда 20-январдан бери уланган «Зайтун бутагы» кыймылында жок кылынган террорист саны 4546га жетти.

1021118
ТККнын террор менен күрөшүүсү

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан 20-27-июль күндөрүнүн аралыгында Шырнак, Мардин, Эрзурум, Бингөл менен Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн операцияларда 44 террорист жок кылынды.

Операцияларда террор уюмуна мүчөлөр тарабынан колдонулган көп сандаган ок-дары зыянсыздаштырылды.

ТКК тарабынан чек ара коопсуздугуна карата текшерүү жана күзөт иштеринде 2018-жылдын 1-январынан ушул убакка дейре мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 193 миң 773 киши кармалды.

ТККнын Сирияда 20-январдан бери уланган «Зайтун бутагы» кыймылында жок кылынган террорист саны болсо 4546га жетти.

Операциялардын алкагында ушул убакка дейре 251 мина жана 1346 колго жасалган жарылуучу зат белгиленип зыянсыздаштырылды.



Тектеш кабарлар